, 22:23

Ысык-Көл айыл аймагы боюнча жалпы маалымат

Ысык-Көл айыл аймагы боюнча жалпы маалымат

 

Ысык-Көл айыл аймагы - Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун күн батыш тарабында жайгашып, кооз жаратылышы, бай тарыхы жана өзгөчө маданияты менен айырмаланган аймактардын бири.

Өлкөнүн туристтик, агрардык жана маданий потенциалы жогору болгон аймактарынын катарына кирип, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жарым аралында орун алган.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын негизинде мурдагы Ысык-Көл, Тогуз-Булак жана Михайловка айыл аймактары бириктирилип, Михайловка айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ысык-Көл айылдык аймагы деп жаңы түзүлүп, курамына Михайловка, Ысык-Көл, Ынтымак, Сары-Булуң жана Тогуз-Булак айылдарын камтыйт. 

Айыл аймак элинин меймандостугу жана көп улуттуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Курамында 12 улуттун (кыргыз, өзбек, казак, украиндер, орус, татар, уйгур ж.б.) жашайт, калктын негизги бөлүгү мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана туризм менен алектенет.

Климаты мээлүн континенталдуу кышы узак, шарты катаал, жери көк чопо жана кумдак болгодуктан жайкысын өтө кургакчыл. Улан-Санташ шамалдарына ачык туруп, шамалддан коргоо жок. Ошол себептүү көп жылдык мөмө-жемиш бак дарактарды отургузуу жана экологиялык таза туризмди илгерилетүүгө басым жасалууда.

Жергиликтүү бюджет дотацияда тургандыктан бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүгө инвестиция  жана донорлорду тартуу, башка каражат ресурстарын табуу, айыл өкмөтүнүн негизги максаттарынын бири болуп саналат. 

 

Ысык-Көл айыл аймагы

Манжасындай күч кубаттуу билектин,

Максатындай аруу таза тилектин.

Биздин аймак касиеттүү көл башы,

Түндүгүнөн кут төгүлүп тиет күн.

 

Кайырма:

Ысык-Көл айыл аймагы

Элибиз меймандос жайдары

Жергеме бейпилдик тартуулап,

Желбирейт желге ойноп байрагы

 

Мурас кылган урпагына аталар,

Эгини мол, берекелүү талаалар.

Жер эненин ырыскысы чачылат,

Кабыл болуп касиеттүү баталар.

 

Сый-урматты, каада-салты тутканы,

Ар намыстуу ар бир иште уулдары.

Чындык менен калыстыктан тайбаган,

Жети акенин жолун улайт урпагы.