, 08:03

Ынтымак айылындагы К.Карасаев атындагы №31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имараты салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди

Кароолор (16)

2025-жылдын 25-декабрында, Ысык-Көл айыл аймагынын билим берүү тармагында дагы бир  маанилүү окуя орун алды. Ынтымак айылындагы К.Карасаев атындагы №31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имараты салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.

Мектептин ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө онлайн режиминде старт алып, бул салтанаттуу иш-чара айыл тургундары үчүн өзгөчө маанай тартуулады.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты А.Тумонбаев, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Дюшебаева, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жамааты, ата-энелер жана айыл тургундары катышты.

150 орундуу К.Карасаев атындагы №31 Ынтымак  жалпы орто мектеби заманбап талаптарга жооп берген типтүү долбоор менен курулуп, эки кабаттуу имаратта окуу класстары, мугалимдер үчүн шарттар жана окуучулардын коопсуздугу толук каралган. Объекттин курулушунун жалпы сметалык наркы 101 миллион  сомду түзүп, курулуш иштери  2023-жылы башталып,  2025-жылы толук аяктады.  

Жаңы мектеп — бул аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.