Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы аймактагы социалдык объектилердин абалы менен жеринде таанышты
20.02.2026
Кароолор (29)
2026-жылдын 29-январында Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп ишке киришкен Кыдыров Асылбек Бердибекович 30-январь күнү аймактагы социалдык объектилердин абалы менен жеринде таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык маанидеги мекемелердин ишмердүүлүгүнө көңүл бурулду.
Таанышуунун жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысы мекеме жетекчилерине социалдык объектилердин ишин жакшыртуу, материалдык-техникалык базаны бекемдөө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана санитардык талаптарды так сактоо боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.