Жаңылыктар
07.02.2024
Кароолор: 1537
Медициналык шаар курулат
Ысык-Көл айыл аймагында Кореядан келген инвесторлор сунуштап жаткан долбоор бийлик өкүлдөрү менен талкуланды.Медициналык шаарчанын курулушу 2000 га аянтты ээлеп, шаарга керектүү медициналык ар кандай борборлор, спорт комплекстер, бизнес зоналар, эс алуу жайлар, көлдүн үстүндө жүрө турган электр кемелер, акылдуу IT башкаруу менен иштей турган күнөсканалардан өйдө курулары жөнүндө инвесторлор долбоорун тааныштырып жатып билдирди. Мындан тышкары медициналык шаарчага дүйнө жүзүнөн эл келип дарыланууга багытталган жай болмокчу.